Ассаламу алейкум уважаемые братья и сестры!

😊 Добро пожаловать в наше сообщество
😊 Подписывайтесь,
😊 Делитесь,
😊 Просвещайтесь
🎁 Получайте пользу для себя

Динге сый менен келбесең,
Ый менен келесиң!

Чубак ажы Жалилов

Куран курстары

Диний сабактар

Аялдар үчүн сабактар

Жардам фонддору

Багымдат: 10:34 pm
Күн чыгуу: 12:13 am
Бешим: 7:04 am
Аср: 11:51 am
Шам: 1:51 pm
Куптан: 3:35 pm

Исламдагы 5 парз

“Бир Алладан башка Кудай жок жана Мухаммад анын элчиси деп күбөлүк берүү («Ла илаха илла-ллоху Мухаммадур расуллалох»)ШАХАДАТ айтуу менен пенде Аллах Таалага ыйман келтирип, Мухаммад (салаллоху алейхи уа саллам) Аллах Таала жиберген акыркы пайгамбар экенин кабылдоо. Муну айтуу менен пенде эң туура, эң жакшы, эң бактылуу, тынчтыктын дини болгон- ислам динин кабыл алат. Бул деген бүтүндөй бактылуулук!;.

Намаз- бул Аллах Субхану уа Тааланын пендесине берген эң чоң белеги, ибаадаттардын эң жогорку даражасы, бул деген пенденин Жаратуучусу менен болгон баарлашуусу. Анткени, намаздын ичинде бир канча ибаадаттар бар. Мында даарат, ниет, Аллахка сажда кылуу, Пайгамбарга (салаллаху алейхи уа саллам) салават айтуу, дуа, зикир камтылган. Намаз менен пенде өзүнүн Эгеси болгон Аллах Таалага жакындайт, туура жолго багыт алат, ыйманын бекемдейт, жүрөгү, денеси тазарып, жан дүйнөсү тынчтык табат,Акыреттеги эң биринчи суракка даярданат.
Намаз тууралуу хадисте төмөндөгүчө айтылат: “Бейиштин ачкычы- намаз, намаздын ачкычы- даарат”. (Ахмаддын Муснады).
Намаз бул- шайтан наалатыга каршы болгон эң күчтүү курал.

Теңдикти сүйгөн Аллах Субхану уа Таала бир жылда бир жолу Рамазан айында 30 күн орозо кармоону парз кылды. Муну менен Ал ачкалык эмне экенин билбеген пенделерине, жегенге эч нерсеси жок, күндөп- түндөп ачка жүргөн мусулман бир туугандарынын акыбалын ар бир инсан өзү сезип, билип көрсүн, ачка болгондо тамактын, суусаганда суунун кадырын билүүгө үндөдү. Ошондой эле, орозо менен Аллах Таала пендени сабырдуулука үйрөтөт. Инсан орозо кармоо менен жүрөгү жумшарат, барга да, жокко да сабыр кылууну үйрөнөт. Кураанда “Аллах сабырдууларды сүйөт” (Аалу Имран: 146) деген аят келет.
Орозодо Аллах Тааламдын пендесине берген убадасы бар. Анткени, “Орозону пендем мен үчүн кармайт, ошондуктан анын сыйлыгын Өзүм берем” деген. Ошондой эле орозо кармагандар үчүн чексиз Берешен Аллах Таала Бейиште атайын “РАЙЙАН” эшигин ачып койду. Ал үчүн чексиз шүгүрлөр болсун!

Зекет деген- бул пенденин адал эмгек менен тапкан ырыскысынан Аллах жолуна сарптоо.
Муну менен Аллах Таала Өз пендесин берешендике, кең пейилдүүлүккө, боорукерликке, жакшылыкты жакшылык менен кайтарууга үндөйт, муктаж болгон бир туугандары да бар экенин пенденин эсине салып турат. Анткени, зекет муктаж адамдарга берилет. Муктаждын муктаждыгын аткаруу менен пенденин Жараткандын алдында даражасы көтөрүлөт. Хадисте айтылгандай:
“Ким бул дүйнөдө бирөөнүн муктаждыгын аткарса, Аллах Таала кыяматта анын муктаждыгын аткарат” деп айтылат эмеспи.
Зекет- бул Аллах Таалам берген ырыскысына ыраазычылык, шүгүр, рахмат айтуу.
Зекет бергендер тууралуу Кураанда:
“Ыйман келтирип, жакшы амал кылган (өзгөчө) намаз окуган, зекет бергендердин сооптору Роббилеринин алдында. Аларга коркунуч да, кайгыруу да болбойт” деп айтылган. (Бакара:277).

Аллах Таала өз пенделерине эгер мүмкүнчүлүгү болсо, өмүрүндө бир жолу хаж ибаадатын парз кылды.
Хаж- бул Аллах Субхану уа Тааланын үйү болгон ыйык Каабаны, эң биринчи мусулманчылык башталган, Кураан аяттары түшкөн жерди, Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи уа салламдын) баскан жерлерин, анын мечитин, сахабалар мекендеген жерди зыярат кылуу. Ар кандай нерсени угуп койгон башка, бирок көз менен көргөн башка таасир берет. Ошол сыңары, Ыйык Кураандын мекенин, Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи уа саллам) үммөтү үчүн азап чексе да, сабыр кылуу менен туура жолду баштап, басып өткөн жерлерди зыярат кылуу менен, пенденин Аллах Таалага, Пайгамбарыбыз (салаллоху алейхи уа салламга) болгон сүйүүсү, арзуусу жогорулап, ыйманы ого бетер бекемделет ин шаа Аллах. Ошону менен катар Хажда кылынган ибаадаттардын сооптору, башка мезгилде кылынган ибадаттардын сообунан бир канча эсе көп болот.
Жогоруда айтылган беш парздын эч биринде пенде үчүн кыйынчылык жаратылган эмес, тескерисинче, ар биринде Жараткандын нематы, пендесине болгон камкордугу, берешендиги, чексиз жакшылыктары, эки дүйнөнүн бактылуугу камтылган.

Биздин долбоорлор

Сабактар

Иш-чаралар

ЖАҢЫЛЫКТАР

Биз менен байланышуу

Телефон

Улан Давлеткулов

+996 556 773 389
(ген.директор)
Наш адрес

Биздин дарек:

Бишкек ш. Арча-Бешик,
Садырбаев к. 48
Сунуш-пикир же суроолор

Кат жолдоңуз

admin@nasaatmedia.kg
portal@nasaatmedia.kg