Ош облусунун Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси, “Караван Ихлас” фондунун демөөрчүлүгү менен “Салих перзент” аттуу Куран жарышы өткөрүлдү.
Куран жарышы эки тайпада; 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар жана кыздар арасында болуп өттү.
1-тайпада 2016-2017-2018-жылкы катышуучулар болсо, 2-тайпада 2012-2013-2014-2015-жылкы катышуучулар болду.
Мелдештин тандап алуу баскычы Кара-Суу районуна караштуу «Билим» жеке-менчик мектебинде өтүп, финал Ош шаарынын Раззаков көчөсүндөгү Орто-Азия мейманканасынын жыйындар залында уланды.
Жарыштын 1-турунда 100 дөн ашуун уул жана кыздар катышып, тандап алуу баскычынан 26 окуучу финалга жолдомо алды.
Мелдешке баш имам-хатиб баштаган хатибият өкүлдөрү, Нариман жана Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу имамдары Олимжон Мамадаипов, Жахангир Масаитов, медресе мүдүрлөрү, ата-энелер жана коноктор катышты.
Мелдештин соңунда Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдурашит ажы Батыров өзүнүн каалоо тилектерин, акыл-насаат сөздөрүн айтып, төмөнкүлөргө токтолду:
«Ааламда ар түрдү зээн кейиткен окуялар катталып, Улуу Жараткандын сөзү Куранды өрттөө сыяктуу наадан мамилелер жасалып жатканда, мына ушундай Куранга болгон сүйүүнү ойготкон мелдештерди өткөрүү чоң иш. Албетте бул биздин Куранга болгон мамилебизди жана сүйүүбүздү тастыктап турат. Чар тараптан дин жамынган экстремизм жана терроризм атыккан дин душмандары чыгып жаткан учурда элдин, мусулмандардын башын бириктирип Куран саамалыгын өткөрүү алда канча сооптуу амал».
Куран жарыш жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:
(1-тайпа боюнча жеңүүчүлөр жана белектери):
4-10-орун – түрдүү баалуу белектер;
3-орун – кир жуучу машина (Мадаминжанов Мухаммад);
2-орун – муздаткыч (Хайриддинова Сафия);
1-орун – Умра сапарына жолдомо (Закиржанова Халимахон).
(2-тайпа боюнча жеңүүчүлөр жана белектери):
4-10-орун – түрдүү баалуу белектер;
3-орун – кир жуучу машина (Ахметжанова Сафия);
Эки 1-орун – умра сапарына эки жолдомо (Нарходжаева Оиша жана Маматякубова Салиха).
Leave a Reply