Campaign Categories: Китептер

Home / Китептер
Бактылуулуктун формуласы
Campaign

Бактылуулуктун формуласы

Адамдын жан дүйнөсү ыйман-ишеним, адеп-ахлак жана илим-билим сыяктуу асыл баалулуктарга муктаж эмеспи. Кызыгы ошол асыл баалулуктарды адамдарга адамдын өздөрүнөн чыккан чыгаандары өрнөк болуп үйрөтүп, кемтиктерди толуктап турат экен. Алла Тааланын элчиси:“ аалымдар – пайгамбарлардын мурасчылары” -, деп даана белгилеп айтып, бизге ыйык мурас сөз калтырбады беле. Убагында борбордук азиялык мусулмандарга кыргызстандык аалым уламалар да орошон кызмат кылып динди үйрөтүп кетишкен болсо, эми ушул жаңы таңда да элибиздин уучу куру болбой татыктуу жаш муун аалымдарыбыздын чыгып жатканы өтө кубандырат.