Намаз китеби

Намаз, даарат тууралуу суроо-жооптор

-Мен карыган кемпир багып иштеп жатам. Намаз окууга мүмкүнчүлүк аз. Бир эле маал окусам болобу?

-Бир кемпирди карасаң эле убактың жок болуп калса, анда сени караганга да бир адам керек болуп калат го, бир тууганым, ыя!!? Анчалык бошошпо. Намазды калтырба! Миң кемпир карасаң да, аларга абышкаларын кошуп карасаң да намазды калтырба!


-Тишке пломба койсо, гусул толук болбойбу?

-Гусул толук боло берет. Ал сөзгө маани бербе!


-Намаз окуганда башка эле нерселерди ойлой берем. Бул намазымды бузбайбы?

-Жок, берекем! Бузбайт. Шайтандын иши ошол. Сени бузсам дейт, сен ага моюн сунба.


-Жайнамазда Каабанын сүрөтү болсо, ага намаз окуу макрух болобу?

-Жайнамаздагы Каабанын сүрөтү намазга эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Деги эле, жайнамаздагы оюу-чиймелер адамдын көңүлүн өзүнө бурбай турган болсо, алагды кылбай турган болсо жакшыраак болот. Эркектерге жибек кездемеден жайнамаз колдонууга болбойт. Жандуулардын сүрөтү түшүрүлгөн жайнамаздарга намаз окуу макрух. А эгерде жайнамазда башка диндегилердин диний ырым-жырымдары, же белгилери тартылган болсо, андай жайнамазда намаз окуу таптакыр жакшы эмес. Уурдалып, же тартылып алынган жайнамаздарда намаз окуган да намаздын сообун кемитет.


-Намазды кечиктирип окуу мустахаб болобу? Кечиктирсе канчалык кечиктирүү керек?

-Багымдатты ар дайым, жайында бешимди, асрди дайыма бир аз, күн бүркөктө шамды, куптанды түндүн үчтөн бирине чейин ар дайым кечиктирген мустахаб болоор.


-Намазды каза кылгандан көрө окубай койгон жакшыбы?

-Намазды окуу парз, окулбай калса, казасын окуу ваажып. Каза кылгандан көрө окубай койгон жакшы деген сөздүн өзү жаман.


-Гусулу жок адамдын колунан тамак жесе намаз кабыл болобу?

-Колун жууган болсо боло берет. Гусулу менен болгону жакшыраак.


-Дезодоранттын (атыр, духи) курамында спирт болсо колдонууга болобу жана ибадаттарга тиешеси кандай?

-Спирт кошулмасы бар атырларды колдонуунун эч зыяны жок. Ибадатка терс таасирин тийгизбейт. Азыркы учурда фатва ушул сөзгө берилет.


-Намазды окуп жүрүп таштап коюу канчалык күнөө?

-Арам жумуш. Кудай Таалам сактаган болсун. Кайрадан окуп баштоосу милдеттүү. Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң.


-Биз кечинде кошулуп, гусулду эрте менен ниет кылып жуунабыз. Боло береби?

-Боло берет. Намаздан калбагыла.


-Мечитте парз намазды жамаат окуп чыгып кетсе, кийинки кирген 3-4 адам жамаат менен окуса болобу? Суннага дал келеби?

-Үч шарты менен дал келет. Биринчиси, экинчи жамаат азан айтпаш керек, негизги айтылган азан жетиштүү болот. Экинчиси, биринчи жамааттын имамы окуган михрабта, экинчи жамааттын имамы турбаш керек. Үчүнчүсү, экинчи жамаатка коомат да айтпаш керек.


-Намазда оюм дүнүйөгө бурулуп кетсе кабыл болобу? Тахажудду көп калтырам. Жазасы болбойбу?

-Шайтан васваса кылып турбаса оокаты өтпөй калбайбы?.. Кыжаалат болбоңуз. Шайтанга моюн бербеңиз. Намазыңыз насип кылса кабыл болот.
Тахажжуд намазы милдеттүү намаз эмес, андыктан күнөөлүү болбойсуз.


-Мен намаз окугум келет. Жаттай албай жатам. Толугу менен үйрөнгүчө билбей калган жерлерин китептен карап окуса болобу?

-Болот....


-Насбай атканда даарат бузулабы? Орозочу?

-Орозо бузулат. Даарат бузулбайт. Бирок "күл" менен жакшылап оозун чайкаш керек болот. Чочконун тезегин жеген адам кантип оозун тазалаган болсо, дал ошондой.


-Аср намазын шам намазына жарым саат калганда каза деп ниет кылбай эле окуса болобу?

-Ооба, себеби аср намазынын убагы чыгып кете элек болот. Бирок алгачкы убагынан кечиктиргени себептүү макрух болот.


-Жихадга аттанарда кайсы намаз, кандай тартипте окулат?

-Атайын өзгөчө намаз бар экенинен кабарым жок. А бирок согуш учурунда намаз кандай тартипте окулунаары туураалуу маселелер айтылынат. Менин түшүнүнгүмдө сиз ал суроону сураган жоксуз. Истихаара намазы, Шүкүр намазы болуусу да мүмкүн. Кээ бир адабияттарды карап таба алган жокмун. Табарым менен кабарлашам.


-Гусул алуу учурунда сууга колун салып көрсө болобу? Жеңем айтат гусул алына турган сууга колунун учун да тийгизбеш керек деп...

-Ооба, туура айтат. Колду чайкагандан кийин гана салуу керек. Пайгамбарыбыз адегенде суу куюлган идишти кыңкайтып колун жууп, андан кийин колун сууга салып, суу алып жуунаар эле. Эми азыркы заманда колкашык, чөмүч, сүзгү дегенден көп неме жок.


-Боюнда бар, турмушка чыккан адам гусулду билбей туруп намаз окуган чоң күнөө экенин айтсам жаман көрүштү. Ушулардын көзүн ачып коюңузчу.

-Айткан болсоңуз карыздан кутулупсуз. Эркек-аял ортосунда мамиле болгондон кийин баштан аяк суу менен жакшылап жуунуу керек болот. Муну гусул деп айтабыз. Ансыз даарат жүрбөйт.


-Эрте менен уктап калып тогузда ойгонсо багымдатты окуп койсо болобу? Эмне деп окуш керек?

-Күн аркан бою көтөрүлгөндөн кийин окусаң болот. Каза намазды окууга ниет кылдым деп ниеттенесиң.


-Итти кармасан даарат бузулабы?

-Жок, бузулбайт. Шилекейи тийип кеткен жерди жууш керек, эгер шилекейи менен нымдалышып калган болсо. Жөн эле жыттап кеткенден эч нерсе болбойт. Иттен коркуп кетип жел чыгарса даараты бузулат.


-Намаз окуганда алдында адам уктап жатса болобу? Менин үйүм тар, багымдатты окуганда алар астымда болуп калат.

-Болот. Пайгамбарыбыз намаз окуганда кээде алдында адам уктап жаткан болоор эле...


-Хаажат намазын багымдаттын артынан окусам болобу? Намазды жаңы баштап аткам. Түшүнүгүм жок.

-Жок. Ал убакыт күн чыга турган убакытка туш келген үчүн болбойт. Күн чак түштө, батып бара жаткан мезгилде болбойт. Багымдаттын азанынын алдына салып окусаң болот.


-Намазды көздү жумуп окууга болобу? Көздү жумганда ойду жыйноого женил болот.

-Эгер көздү жумуп окуу сизге ыңгайлуураак болгон болсо болот. Негизи көз ачык абалда окулат.


-Багымдат менен куптанды эле окусам болобу? Бир аз болсо да күнөөлөрүм кечирилеби?

-Окуй бер. Кечирилет насип кылса. Көч бара-бара түзөлөт.


-Свеча колдонгондон кийин гусул алуу керекпи?

-Эгер свечаны колдонгон учурда, же гинеколог врач аял колу менен аялдын жыныс мүчөсүн текшерип көргөн учурда, оорулуу аял адамдын шахваты козголуп, дүүлүгүү абалына жетсе гусул ваажып болот. Эч кандай ырахаттануу албаса гусул ваажып болбойт.


-Намаз убагы жакындап калган болсо даарат кыстап калса чыдап туруп намаз окуп алса болобу?

-Макрух болуу менен болот.


-“Намаздан өз каалоосу менен чыгуу” дегенди түшүндүрүп бериңизчи?

-Даараты бузулгандыктан мажбур түрдө эмес, а балким өз ыктыяры-эрки, каалоосу менен чыгуу деген кеп.


-Бышкырганда мурундан кан аралаш чыкса даарат бузулат, каны жок чыкса бузулбайбы?

-Ооба, ошондой. Сен айткандай. Кан чыкпаса, жөн эле маңкасы чыкса, маа демектен булак болуп аксын, бузулбайт. Жакшылап чимкирүү керек болот...


-Жакында эле 2 операцияны башымдан өткөрдүм. Аман чыксам намаз окуйм дедим эле. Дароо эле 5 убак окушум керекпи же багымдатты эле окуп турсам болобу?

-Багымдатты баштай бер, калганы өзү эле келет...


-Тахажуд намазын башында канча рекет окуса, андан кем эмес окуп жүрүш керек деген туурабы?

-Бирдей окуп жүргөн жакшы эмеспи, анткени адам ошого көнүп калат да, кийин жеңил болуп калат. Ошого карабастан кээде ар кандай себеп менен аз же көп окуп калса зыяны тийбейт. Кудайым кабыл кылсын. Мени да тахажжуддагы дубаңызда унутпаңыз.


-Жамаат менен намаз окуу парзбы же сүннөтпү? Эгер сүннөт болсо, рүкү кылгыла рүкү кылуучулар менен бирге деген аят бар экен. Ушуну чечмелеп берсеңиз. Анан салафилер, хизбуттар деген кимдер?

-Тиги эки жамаат жөнүндө сиз сурабаңыз, мен айтпай эле коеюн. Ал эми жамаат менен намаз окуу сүннөт. Сиз сураган аят Бакара сүрөсүнүн 43-аяты. "Рүкү кылуучулар менен рүкү кылгыла!" дегендин биринчи мааниси: "Мусулмандар менен тирүү болсоңор бир дөбөдө, өлүү болсоңор бир чуңкурда болгула, ынтымактуу жашоо сүргүлө, мусулмандардан өзгөчөлөнбөгүлө, алар кылган ишти кылгыла!", делсе, экинчи мааниси: "Намазды жалгыз окубастан, жамаат менен окугула!", деп айтылат. Бирок ар кандай себептердин негизинде буйрук болуп келген бул аяттын мааниси милдеттүүлүктөн сүннөттүккө чейин түшүрүлгөн. Бул эми узун сабак кеп. Усуул ал фыкых илимин окугандарга муну түшүнүү жеңил болоор. (Тафсир Насафий, 147).


-Даарат алып жатып мурдун жууганды унутуп калса эмне болот?

-Мурун ичиндеги маңкасы калып кетип, кечке бырылдап жүрөт. Даараты дааратка жарай берет, себеби сүннөт амал калган менен парздардын баары аткарылып жатпайбы? Сүннөт калгандыгы үчүн бир аз сооптон кур жалак калбаса...
А бирок гусул алганда мурундун ичи жуулуусу милдеттүү, болбосо гусул гусулга жарабай калат.


-Машина оңдоп колу май болсо, жууса дагы кетпесе, даарат ала берсе болобу?

-Алыбай алына жараша болоор. Бирок жакшылап самын же башка каражат менен жуугандан кийин кетпесе, анда даарат ала берет.


-Мен мурда намаз окуучу элем. Азыр окубай койдум. Эсимде анча калбай жатат. Бул үчүн мага күнөө берилеби?

-Болгондо да чоңу сага берилет. Эч кыжаалат болбо....


-Заара кылганда тыйынча жерге жайылбаса жуубай койсо боло берет дешет го. Анда даарат ала берсек болобу?

-Ооба, бирок алмаштырганыңыз жакшы. Канткен менен заарадан сактанбоо, кабыр азабына себеп болот эмеспи...


-Эрте менен суукта таяммум кылса болобу?

-Суук тийип ооруп андан, олууттуу оорууга дуушаар боло турган болсоң болот.


-Айт намаздарында туурасы бут кийимди каерге чечүү керек? Намаз аянтта окулса.

-Айт намазда, деги эле намаз учурунда бут кийим коюга ылайыктуу жер болгон болсо өзүңүздүн маңдайыңызга коюп окуйсуз. Же эки бутуңуздун ортосуна коюп алсаңыз да мейли. Же оң тарабыңызга коюңуз. Намаздагы кошунаңыз кыжаалат болбогудай болгону жакшы. Эң жакшысы бир пакет алып чөнтөккө салсаңыз, кереги тийгенде бут кийимиңизди салып коюп коёсуз. Мен Меккеде жүргөндө ошондой адатым бар эле.
Андан сырткары айта кете турган нерсе, намазда бут кийимди чечүү милдеттүү эмес, эгер бут кийиминде жаман нерсе жабышпаган болсо. Бут кийим менен окуй бересиз.


-Гусул албай жүрсө эмне болот?

-Гусулу жок жүргөн болот. Намаз окуй албайт. Куран кармай албайт.


-Жашым 29да. Намаз окуганыма 8 жыл болду. Балагатка жеткенде дин боюнча маалыматым жок болчу. Ошондогу намаз, орозолор каза болдубу?

-Балагатка жеткен учуруңузду так билсеңиз, ошол учурдан баштап каза намаздарды окуп бересиз. Эгер балагатка жеткен мезгилиңизди болжолдоп да биле албасаңыз, анда он беш жаштан беркисин каза кылып окуп бересиз. Орозо да ушул таризде.


-Намаз окуп жатканда телефонун өчүрүштү унутуп калса, анан бирөө чалып калып, аны колу менен өчүрсө намазы бузулбайбы?

-Эгер көп кыймыл менен өчүрө турган болсо, намаз бузулуп калуусу мүмкүн. Аз кыймыл менен боло турган болсо, макрух болуу менен дурус болот.


-Канча аракет кылсам да намазды жаттай албай жатам. Эмне кылам?

-Колундан келишинче окуй бер, утур жаттаганынды кошуп кете бересин


-Намазда сажда кылганда эки бут көтөрүлүп кетсе намаз бузулбайбы?

-Сежде сеждеге өтпөй калат, эгерде сежде учурунда таптакыр жерге тийбесе. Жок эле дегенде эки буттун биринин манжалары жерге бир саамга да болсо тийүүсү керек.


-Мен кечинде келинчегимдин чачын өрүп берем. Жумуш бүткөн соң гусул ала электе жазса чачынын баарын жууйбу? А кийин жазса даараты сакталуу болобу?

-Ой боой, көз тийбесин...Чачы өрүлүү болсо, андан соң сиз айткан жумушту кылсаңар, чачы жазылганга чейин гусул ала турган болсо, чачынын түбүнө, баштын терисинин түбүнө гана суу жеткирүү милдеттүү болот. Чачтын баарын жууган зарыл эмес. Болгону чачтын үстүнөн толугу менен масх тартып коёт. Эгер гусул алганга чейин чачын жазып жиберсе, анда чачын башы менен баштан аяк жуусу милдеттүү болот.


-Намаз окуп жаткан адамдын алдынан такыр өтүүгө болбойбу?

-Болбойт. Күнөө болот. А бирок намаз окуучу да окуй турган жерин жакшылап карап окусун, милдет кылгансып босогодо окубай....


-Жыныстык жактан суюктук келсе даарат сынабы? Кененирээк маалымат бериңизчи.

-Уруктук келсе маний деп коёбуз , ал делебеси козголуп келген болсо дааратты да гусулду да бузат. Делебени козгобостон, оор жүк көтөргөндөн, ооругандан, катуу үшүгөндөн келсе дааратты гана бузат. Ал эми аял-эркек өбүшүп-жытташканда, эркелетишкенде келүүчү ак жылбышкак затты мазий деп коёбуз. Ал да дааратты эле сындырат. Ал эми заараны түшүндүрбөсөм деле билесиз, ал дааратты эле сындырат. Даарат ушаткандан кийин жыныстык мүчөдөн келип калчу жылбышкак суюктукту вадий деп айтабыз. Ал да дааратты эле бузат.


-Маасы кийгенде чоң заарага барганда маасынын даараты сынабы?

-Жок, берекем. Маасынын даараты убактысы бүткөндө же маасы чечилгенде гана сынат. Андан башкага маасынын даараты сынбайт.


-Жаман сөздөр менен сөгүнсө даарат сынбайбы?

-Даарат сынбайт, бирок кайра даарат алуусу жакшыраак болот. Көңүл кирдеп калган болбойбу...


-Эрте менен гусул албай багымдат окуса болобу? Гусул алууга шарт жок. Гусул албай соода кылса болобу? Убактым болгондо алып коём. Соода кылуу аял кишиге арамбы?

-Гусул алуу милдеттүү парз. Бирок шарттар "таптакыр" табылбаган учурда таяммум менен намаз окуйсуз. Шарт табылаары менен гусул аласыз. Бирок шарт табылып туруп эле, жалкоолонуп гусул албай таяммум кылсаңыз, ал таяммум өтпөйт. озүңүздү өзүңүз алдаган болоорсуз. Соода менен гусулдун түздөн-түз байланышы жок. Бирок гусул менен болгону берекелүү болот. Аял киши да соода кылса болот. Бирок, шариат чегинен чыкпастан, караңгыга калбастан иштеген болсо.


-Сиздин жазганыңызга караганда пайгамбарыбыздын (САЛЛАЛЛАХУ АЛЕЙХИ ВА САЛЛАМ) убагында бешим намазы сырттан окулган экен деп түшүндүм. Биз ичтен окуйбуз го. Илимимди өркүндөтүү үчүн билсем дейм.

-Сиз туура эмес аңдап калгансыз го дейм. Себеби менин жазгандарымда бешим намазынын жарыя окулгандыгы айтылган эмес. Болгону сахаба Фатиха менен зам сүрөөнү окуган деп жатат. Аны сахаба үч жолдун бири аркылуу билүүсү мүмкүн. Биринчиси: Пайгамбарыбыз алайхис салам өзү айтып берген болуусу мүмкүн. Экинчиси: Сахаба Пайгамбарыбыз алайхис саламдын жанында окугандыктан, ал кишинин шыбырап окугандыгын угуп калган болуусу мүмкүн. Үчүнчүсү: кээде Пайгамбарыбыз алайхис салам сахабалары билсин деп, купуя окуп жаткан учурларда да окуп жаткан сүрөөсүнүн кээ бир аяттарын же сөздөрүн үн чыгара айтып коёт эле. Мисалы Ихлас сүрөөсүн окуп жаткан болсо, "...куфуван ахад" деп үнүн бир аз чыгара кетсе, жанындагылар эмне окуп жаткандыгын билип алышаар эле.
Ал эми азыркы учурда антип окуганга уруксат берилбейт. Ал Пайгамбарыбыз алайхис саламга тиешелүү көрүнүш. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын убагында да Бешим намазы купуя окулган, берекем. Кудайым илимиңе береке берсин.


-Мен сасык тумоо болуп ооруп атам. Багымдат намазын окуйм, айыкканча окубай турсам болобу?

-Жок, берекем! Сасык тумоо намаз окугандан тосо албайт. Такыр катуу ооруп турган болсоңор сүннөт намаз окубасаң да парздарын окуп тур...


-Азан, коомат, такбир айтканда жана "Самиалооху лиман хамидах Роббана лакал хамд" дегенде сажда кыла турган жерди караймынбы же башты өйдөрөөк кылып түз караймынбы?

-Азан, коомат такбир айтканда кыбыланы карап айтат деп айтылат, ал эми "самиьаллооху лиман хамидах" дегенде буттун учун карап баштайсыз, ал эми "роббанаа лакал хамд" дегенде сажда кыла турган жерди карап түздөнөсүз....


-Масхты маасыга гана тартуу уруксатпы? Дордойдо шарт жок. Кыйыныраак болуп жатат толук даарат алуу.

-Маасыга тарткың келбесе, териден тигилген байпак болот , ошого тарт.


-12 рекет каза намазында ар бир 2-рекетте аттахияту окуп, 12-бүтүрүүчү рекетинде гана салават айтылабы же төрт рекеттен болуп окулабы? Зам сүрөө 3-рекеттен баштап окулбайбы?

-Мен 12 рекет каза намаз жөнүндө билбеймин. Балким сиз нафил намаз жөнүндө айтып жаткан болбоңуз. Күндүзгү нафил намаздарды бир салам менен төрт рекеттен ашыруу, түнкү нафил намаздарды бир салам менен сегиз рекеттен ашыруу макрух деп эсептелет.


-Сиздин сайтыңыз барбы? Болсо пайдаланалы. Мен кой багам. Кышында адырдын баары кар болот. Намазды кандай кылып окусак болот? Адырда кургак жер жок. Эрте менен 11де айдасам, кечинде 5терде кайтам.

-Менин сайтым жок. Фейсбук аркылуу пайдалансаңыз болобу дейм. Кардын үстүнө окуй бересиз. Бирок кар жумшак болуп жүзүңүз карга турбай турган болсо болбойт. Тебелеп туруп андан кийин окуйсуз.... Эгерде жердин баары ным болгон болсо, улоонун үстүнө окуганга уруксат берилет....


-Даарат аяктап калганда түкүрүктөн же чимкириктен кичине кан аралаш чыкса кандай болот? Дааратты кайра башташ керекпи?

-Түкүрүк же чимкирик кан аралаш чыккан учурда эки түрдүү каралат:
1.Кан аралашып, бирок кан басымдуу болбогондуктан түкүрүк же чимкирик сары болуп чыккан убакта, канды чыккан жок деп эсеп кылабыз. Эч кандай маани бербейбиз.
2.Кан аралашып, кан басымдуу болгондуктан түкүрүк же чимкирик кызарып чыккан убакта, даарат бузуучу болуп эсептелет. Даараттуу адамдан чыккан убакта даараты бузулат деп айтылат "Хаашияда". Даарат аяктап, бирок толук бүтө элек болгон учурда дааратты сындыруучулардын бири жүз берген убакта, дааратты кайра баштан алуу керек деп түшүнөбүз. Түшүнүгүбүз билгенибизге жараша.


-Эгер Бешим намаздын фарзын сырттан үн чыгарып окуп салса кандай болот?

-Купуя намаздарды купуя окуу имамга да , жеке окуучуга да ваажып. Сиз айткан маселеде "намаз аны менен дурус болуучу кыраат" өлчөмүндө кыраатты жарыя окуса, адашуу сеждесине баруу милдеттүү. Андан аз учурда, сеждеге баруусу милдеттүү эмес. "Намаз аны менен дурус болуучу кыраат" деп бир аятты айтабыз. Себеби намазда кыраат кылуу парз болсо, ошол парз бир аят окуу менен аткарылат. Ал эми "Фаатиха" сүрөөсүн толук окуу ваажып.


-Эгер аягында адашуу сеждеси болсо, жалгыз окуган адамдыкы кандай болот?

-Негизи бул маселеде ханафийлерде үч түрдүү айтылат:
1.Оң жака бир салам бергенден кийин сеждеге барат. Шейхул Ислам, Фахрул Ислам ушуну тандаган. "Каафийде" ушул туура экенин айтат. Жумхуур аалымдар ушул маселени колдоп келишет. "Шархул Викааянын", "Танвиирдин" авторлору бул маселени ыктыяр кылышкан. "Дурр ал Мухтаардын" ээси муну "Сахиих" деп белгилейт.
2.Эки тарапка салам бергенден кийин сеждеге барат. Шамсул а-имма, Содрул Ислам ушуну тандаган. "Хидааяда" "Сахиих" деп белгилеп, "Мултакаанын" автору ыктыяр кылган.
3.Эч жакка бурулбастан бет маңдайына карап салам бергенден кийин сеждеге барат. Фахрул Исламдан экинчи бир риваят. (Умдатур Риьая 2266)
Жумхуур-көпчүлүк аалымдардын тандоосун эске алып, "Ташаххуд" окугандан кийин оң жака салам берип, эки ирет сеждеге барып, андан кийин "Ташаххуд", "Салаваттарды", дубаларды окуп, эки жака салам берип бүтүрөбүз намазды. (Ихтисаар ар риваая 1177, Умдатур риьаая 2266)
Жалгыз окуган адам эки жагына салам берсе да болот деп айтып жүргөндөрүбүз бар. Жакшысы имам болсо да, жалгыз окуса да оң тарапка эле салам бергени макул.


-Жума намаз фарзбы?

-Ооба, төмөндө шарттары табылган адамга Жума намазын окуу фарз.
1. Мусаапыр болбостон, мукиим болуусу,
2. Ден-соолугу жол берүүсү,
3. Эркиндикте болуусу,
4. Эркек болуусу,
5. Балагатка жеткен болуусу,
6. Көзүнүн көрүүсү,
7. Бутун бар болуусу шарт кылынат.
Бул шарттар жок болуп туруп деле Жума окуган болсо, Жума намазына жарай берет. Ошол күнкү Бешим намазын окуудан бошотулат.
Ал эми Жума намазынын милдеттүүлүгүнө далилдер:
1. Куран Карим. Жума сүрөөсүнүн 9-аятында: "Оо Ыймандуулар! Жума күнү намазга чакырылса (азан айтылса), Алланы эстегенге (Жума намазын окуганга) шашылгыла...!".
2. Хадис Шариф. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Жума намазын жамаат менен окуу ар бир мусулманга милдеттүү. Ал эми эркиндиги жокторго, аялдарга, жаш балдарга, оорулууларга милдеттүү эмес!". Абу Дауд.
3. Ар бир доордун аалымдары Жуманын милдеттүүлүгүнө "Ижмааь" кылып келишкен.
68. Эгер Бешим намазынын төрт рекет фарзын окуп жатып, экинчи рекетте "аттаахиятка" отурбастан туруп кетсе, кийин үчүнчү рекетте эстесе, эмне кылуусу керек?
- Сиз айтып жаткан "аттаахият" ка олтурууну "биринчи каадага олтуруу" деп айтылат. Бул ваажып амал. Андан сырткары ошол олтуруудагы окула турган "Аттаахият" дагы ваажып болот, аны "Ташаххуд" деп айтышат.
Биринчи каадага олтурбай калган адам эки түрдүү болот:
1. Каадага жакын болгон болсо, каадага олтуруп, "Ташааххудун" окуп бүтүрөт. Адашуу сеждесин (Сажда сахв) аткарбайт. Эки тизеси жерден көтөрүлө элек болсо, каадага жакын деп билинет.
2. Каададан алыстап кеткен болсо, каадага кайрылбастан эле намазды улантып окуй берет, акырында адашуу сеждесин аткарып берет. Эки тизеси же, эки тизесинин бири жерден ажырап кеткен болсо, каададан алыстап кетти деп билинет. (Ихтисаар ар риваая 1179)


-Бут кийим менен кийилген жука жана кыска маасыга масх тартса болобу? Кантип масх тартылат?

-Эгер маасыңыз териден тигилип, кызыл ашыкты жаап тура турган болсо масх тартууга жарайт. Колуңуздун манжаларын суулап, бутуңуздун манжалар тарабынан баштап тартып баштайсыз.


-Шахваты козголуп суюктук чыгып кетсе аср намаздан кийин, ал эми шамга гусул алып намаз окуса, андан кийин да заара менен суюктук чыкса дагы гусул алуу керекпи?

-Эгерде шахваты козголуп уруктугу чыкса, андан кийин заара ушатпаган болсо, же бир аз созулуп жатпаган болсо, ал убакта жуунгандан кийин да калган уруктугу келсе, этиеттик үчүн кайрадан гусул алынат.


-Энем намаз окуюн деп жатат. Ден соолугу начар. Дааратты бир жолу алып бир маал намаз окуп турса болобу азырынча? Кайсы маалдагы намазды окусун?

-Багымдаттан баштасын... Кудайым кабыл кылсын.


-Багымдатта маасымды даарат менен кийсем, бешимде масх тартсам, анан дааратым сына электе маасымды чечсем, кайра эки бутумду жууп кийсем, мен эртеси бешимге масх тартып окуй аламбы? 24 саат убакыт биринчисинен эсептелеби же экинчисиненби?

-Кайра эки бутуңузду жууп кийгенден кийинки алгачкы даарат бузулгандан баштап эсептелет 24 сааттын алгачкы мүнөтү. Себеби бутуңузду жууганда даарат толук алынгандай болуп, эки бутуңуз даарат менен кийилген болуп саналат. Валлооху аьлам.


-Азыр күн суук. Ошого карабай бутту жууш керекпи? Даарат алып жатканда эмне деп айтыш керек?

-Маасы кийип, маасыңа масх тарт. Байпакка масх тартууга болбойт. Баштаганда "бисмилланы" айткан жакшы. Дегеле билбеген адамга бардык учурда "бисмилланы" айта бергени макул. Билбегендики бисмилла.


-Бутум сынып үйдө жатам. Отуруп алып намаз окусам болобу?

-Туруп окуганга мүмкүнчүлүгүң жок болсо кантмек элең. Болот. Аллахым шыпаа берсин. Ооруп өткөргөн күндөрүңдү, билип-билбей кылган күнөөлөрүңө каффаарат кылган болсун. Кабыл кылсын...


-Намаз окуган бөлмөдө тазикке даарат ала берсем болобу? Гусулду дагы. Суук болуп жатат.

-Болот. Болмок турсун болот. Илгери "однокомнатный" боз үйдө ошентип эле, бурчка пардоо тартып жуунуп алышчу биздин кадырман ата-бабаларыбыз. Болот. Кудайым кабыл кылсын.


-Мен 11-класста окуйм. 5 убак намаз окуп жүргөм. Бирок жакында жыныстык жактан ооруп, ооруканага жатып дарыланып чыктым. Ата-энем күн жылыганча намаз окубай тур деп жатышат. Бирок өзүмдү оор сезип жүрөм. Эмне кылсам болот?

-Намаз оку. Жыныстык жагыңа суу тийгизбей эле кургактап, кааласаң "памперс" кийип алсаң да болот, асти намазыңды калтыра көрбө. Жылуу сууга даарат ал. Эгер, доктурлар сууга жологонду таптакыр тыюу салган болсо, анда таяммум менен оку. Биздин бул керемет динибиз сен ойлогондон да алдаканча жеңилирээк.


-Үйдө окулган намаз кабыл болбойт дешет дааватчылар. Түшүндүрүп берсеңиз.

-Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Мечиттин кошунасынын үйүндө окулган намазы кабыл болбойт". Бул маанидеги хадистердин бардыгы, жамаат менен намаз окуунун фазилет-артыкчылыгына келип такалат. Жамаат менен окулган намаз жеке окуганга караганда жыйырма жети эсе артыгыраак экендиги баарыбызга маалым. Бирок жамааты жок окуп калса, намаз кабыл болбой калат деген сөз эмес...


-Мен абысыным менен чогуу жашайм. Анын эч гусул алып жуунганын көрбөйм. Анын жасаган тамактарын жесек арам болобу? Куран, сүрөөлөрдү өзүнчө окуганда сөзсүз даарат алыш керекпи? Даарат алганда жыныс мүчөсүн гана жууп койсо болобу же толук алуу керекпи?

-"Мага көрсөтпөй жуунат экен да" деп жакшы күмөндөнсөң болобу? Же абысындар жөнүндө жаман күмөн кылуу милдеттүүбү абысындардын салтында. Колун жакшылап жууган болсо, жасаган тамагы арам болбойт. Айыз учурунда Куран окуй албайсыз. Ал эми гусулдуу болгон убакта, жаттаган сүрөөлөрдү даараты жок кайталасаңыз жарай берет. Куран китепти карап окуйм десеңиз, милдеттүү даарат алуу керек болот. Даарат алганда чоң заара жана кичине заара чыккан жерлерди, ал жайылган жерлерди гана жууп коюу милдеттүү болот. Шалпылдатып баарын суу кылып жууш милдеттүү эмес.


-Эмне үчүн парз намаздардын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүнөн кийин кошумча зам сүрөө окуп, акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүн жалгыз өзүн окуйбуз да, сүннөт жана нафил намаздардын бардык рекеттеринде Фатиха сүрөөсү менен зам сүрөөнү дайыма кошуп окуйбуз?

-Абу Катаада (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт: "Пайгамбарыбыз алайхис салам Бешим намазынын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү менен эки сүрөөнү кошуп окуйт эле да, акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүн окуйт эле... Аср намазында да ушинтээр эле..." (Бухари, 776). Мына бул хадис үч жана төрт рекеттүү парз намаздардын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү менен бирге дагы бир сүрөөнүн окулуп, ал эми акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү жалгыз окула тургандыгын далили.
Ал эми нафил намаздар эки рекеттүү болгондуктан ар бир рекетке Фатиха сүрөөсү менен бирге кошумча сүрөө кошулуп окулат. Мисалы бир мусулман төрт же алты рекеттүү нафил намаз окуй турган болсо, ар бир эки рекети өзүнчө намаз катары эсептелет.
Сүннөт намаздар да негизинен (милдеттүү эмес болгон) нафил намаздар тобуна кошулгандыктан ар бир рекетинде Фаатиха сүрөөсү менен бирге дагы бир сүрөө кошулуп окулат. Витир намазы да ваажып болгондугуна карабастан, этиеттик үчүн нафилдердин тобуна жалгаштырылып, ар бир рекетинде кошумча сүрөө окулат (Нуур ал ийзаах 123).
Айта кетчү нерсе, элибизде айтылып жүрчү "зам сүрө" дегенибиз араб тилинен оодарганда "бир сүрөөнү кошуу" деген маанини туюнтат. Андан сырткары, Фатиха сүрөөсүнөн кийин каалаган бир сүрөөнү же толук бир сүрөө болбосо да үч аяттан кем эмес кошуп окуган болсо жарай берет. Себеби Курани Каримдеги эң кыска сүрөө үч аяттан турат эмеспи, мисалы: Наср, Каусар, Аср сүрөөлөрү үч аяттуу сүрөөлөр. Кудай Таалам туурасын бардыгынан билүүчүрөөк.


-Истихара намазын окуйм. Түшүмө кирбей жатат. Белгилери кандай болот? Ал бала менен кудалашып койгон.

-Көңүлүң тартып жаткан болсо эле, истихаараң оң жагына чыгыптыр деп билгин. Эрте күндү кеч кылбай тездет, бай болгур.


-Даараты бар туруп маасыны чечсе даараты бузулабы?

-Даарат алып, буту жуулуп, андан соң маасысын кийип, бирок даарат бузулганга чейин эле кайрадан маасысын чечсе, аны менен даараты бузулбайт. А бирок даарат алып, бутун жууп маасы кийсе, кийин даараты бузулуп, даарат алып маасысына масх тартып, андан соң маасысын чечкен болсо, бутунун гана даараты кеткен болот. Бутун жууп алса жетиштүү болот.


-Мен жеңем жазып берген гусулду жоготуп койгом. Ошондон бери күйөөм экөөбүз болгондон кийин жөн эле жуунуп алабыз. Бул күнөө эмеспи? Мүмкүнчүлүк болсо гусулду жазып бересизби?

-Гусул алганда дененин баарына суу жеткирип, оозу менен мурду чайкалуусу кажет. Ошону менен гусул болот. Гусул алуудан мурда дааратканага барып келгени макул.


-Сизди урматтап сыйлап, үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз. Кудайым эки дүйнө бактылуулук насип кылсын. “Тандалган хадис” китебинен “Рукусун жана эки сажданын ортосунда белин түз кылбаган кишинин намазына Аллах карабайт” деп окугам. Аял менен эркектин намазда айырмачылыгы бар деп түшүнөм. Күн-Туудагы илимдүү аял киши рукудө аял киши тизесин кичине бүгүп, анан башын кичине ийип коёт деп үйрөтүптүр. Бир тууган иним да туура дейт. Мен жаңы баштагам. Туура окууга абдан аракеттенем. Ошондуктан илимдүүлөрдүн илимдүүсү сизден сурап билгим келет.

-Аялдардын намазы эркектердин намазынан 25 жерде айырмачылыгы бар. 1. Аялдар намазга такбир айтып киришкенде эки колун мүрүсүнүн тушуна чейин гана көтөрүшөт, эркектер кулак жумшагына чейин көтөрүшөт. 2. Аялдар намазда эки колун жеңинен чыгарбай эле такбир айтып кол көтөрүшөт. 3. Аялдар оң алаканын сол колунун үстүнө, эки көкүрөгүнүн алдына коюшат. Эркектер колду байлашып, киндик астына коюшат. 4. Рукуда бир аз ийилишет. Эркектер "Г" тамгасынын формасында болушат. 5. Рукуда аялдар тизеге катуу таянышпайт. 6. Рукуда тизенин үстүнө колдорун жөн гана коюшат. 7. Рукуда колдорун тизесине койгон убакытта колунун манжаларын чачыратпастан чогуу коёт. 8. Эки тизесин ийилтет. 9. Рукуда мүчөлөрүн бири-бирине жакын тутуп, жыйынтыктуу кармайт. 10. Саждада мүчөлөрүн бири-бирине жакын тутуп, жыйынтыктуу кармайт. 11. Саждада эки чыканагын жерге тийгизет. 12. Каадада олтурганда эки бутун оң жагына чыгарып, жамбашы менен жерге олтурат (таваррук). 13. Каадада манжаларынын учу тизесинин башына чейин жетип тургандай болуп коёт. Кээ бир риваяттарда эркектер эки колун тизелеринин үстүнө ташташат деген маселенин негизинде айтылат жогорудагы маселе. Чындыгында бул маселеде эркектер менен аялдар бирдей. 14. Каадада манжаларын жайып жибербестен чогултуп коёт. 15. Намазда бир нерсе болгон болсо, тасбих айтып белги бере албайт, оң алаканы менен сол колунун үстүн чаап белги берет. 16. Эркектерге имам боло албайт. 17. Аялдардын жамаат менен окуганы макрух. 18. Эгер макрух болгондугуна карабай жамаат менен окуй турган болушса, имамы жамааттагы аялдар менен бир сапка катар эле тизилип окуйт. Астыга ажырап чыкпайт. 19. Аялдардын жамаат намазга келүүсү да макрух. 20. Жамаатка катышкан убакта, эркектерден кийин өздөрүнчө сап болуп турушат. 21. Аялдарга жума намаз парз эмес, бирок келип кошулуп окуса жарай берет. 22. Айт намазы да милдеттүү эмес. 23. Курман айт күндөрү такбиир ташриик айтуу да милдеттүү эмес. 24. Багымдат намазды таңдын аппак болуп атуусун күтүп олтурбай эле, алгачкы убактысында окуйт. 25. Жарыя окулган намаздарды жарыя окубайт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам "Менин кандай намаз окуганымды көрсөңөр, мына ошондой намаз окугула!", деп буйрук берген. Эркектердин да, аялдардын да намазы бирдей, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын намазындай болуусу талап кылынат. Ушундай боюнча кала бермек, эгерде башка хадис жана себептер келип аялдардын намазын эркектердикинен кээ бир нерселер менен ажыратпаганда. Имам Абу Даудтун "Мараасиил" китебинде Пайгамбарыбыз алайхис салам эки аялдын эркектердей болуп намаз окуп жаткандыгын көрүп: "Эгер сажда кылсаңар кээ бир этиңерди (чыканагыңарды) жерге тийгизип, жыйнактап окугула! Аялдар бул нерседе эркектердей эмес!" Ошондой эле бул хадисти Имам Байхакий да риваят кылган. Маусилийлердин хасан (достоверный) хадистеринин катарына кошкон. Ушул жана башка хадистердин негизинде, жана Ислам шариатынын "макаасид"теринин натыйжасында аялдардын намазында айырмачылыктар болот. Калган жерлеринде эркектердин намазы менен дээрлик бирдей эле болот. Азыр кээ бир эже карындаштарыбыз да намазды эркектердей болуп окуганын көрүп, аларга атайын фатва жазып бергендигиме карабай, ошол жоругунан жазышкан жок. Менимче аларга Пайгамбарыбыздын сүннөтү керек эмес, а балким өздөрүнө лекция окуп жүргөн устаздарынын сөзү гана керек окшойт. Же Пайгамбарыбыздын кээ бир сүннөттөрүн карманып, кээ бирлерин таштап коюну жакшы деп билишет окшойт. Албетте кылгандары туура эмес. +здөрү билбейт, же билгендин тилин албайт, Жөөттөр душмандарын ушинтип каргашат экен. Аллахым ынсаптан айырбасын.


-5 маал намаз окуйм. Бирок азыр багымдатка тура албай калып жатам. Эмне болот? Күйөөм намаз окубайт, пиво ичет, тамеки тартат, бильярд, карта, сони, футбол ойнойт. Көп урушабыз. Намаз окуп, жоолук салынам. Ошого карабай кызганат. Эмне кылам? Уруша берип тажап кеттим.

-Азыр тура албасаң качан турасың багымдатка. Түн эң узак болгон мезгил азыр. Сабыр кыл, баары жакшы болоор. Тажаба. Урушуунун да кереги жок....


-Имам намазда жаңылып, аягында сажда-сахв кылып, кайра аттахиятты окуп жаткан учурда бир адам имамга ыктыда кылса намазы кандай болот?

-Кадимки, жаңылбастан намаз окуган имамга уюгандай эле тартипте, салам бергенден кийин ордуңуздан туруп толуктап окуй бересиз...


-Якыншиктерге кандай карайсыз? Мечитке келсек жамаат окуп бүткөн болсо, жалгыз окуган жакшыбы же жамаат болуппу? Үн чыгарабызбы? Ар ким өзү коомат айтабы? Пайгамбарыбыз кайсы жылы туулган?

-"Якыншиктер" ким экенин тагыраак айтсаңыз жакшы болмок. Менин баамымда "бардыгын Кудай Таалага шылтап коюп, алма быш оозума түш" деп жүргөн пенделер жөнүндө айтып жатсаңыз керек. Аллах Таала бул дүйнө себептер ааламы кылып жаратты. Андыктан Аллах Таалага ыйман келтирген ар бир момун пенде кайсы гана ишти жасабасын себептерин колго алып, анан тобокел кылса Кудайым кааласа берет. Бирөө балалуу болгусу келсе адегенде жакшы аял таап үйлөнсүн, үйлөнгөндөн кийин да бисмилласын айтып анча-мынча аракетин кылсын, андан кийин перзент сурай берсин. Үйлөнбөй туруп эле балалуу болгум келип жатыры дегендер детдомдон эле багып алып балалуу болбосо, табигый балалуу болуу кыйын иш.
Мечитке келгенде жамаат окуп бүткөн болсо эки учурдун бири болуусу мүмкүн. Биринчиси: Атайын максат менен, алгачкы жамаат менен уюп окугандан баш тартып, өзүнчө жамаат менен окууну ниет кылып келген болсоңуз, кандай гана учурда болбосун намазыңызды жалгыз окуйсуз. Мусулмандардын жамаатын бөлүп-жарууга укугуңуз жок. Экинчиси: Алгачкы жамаат менен окууну ниет кылып, бирок кайсы бир себептерден улам жамаатка жетпей калган болсоңуз, сиз сыяктуулар чогулуп калган болсоңор, төмөндөгү үч шартты кармаган учурда жамаат менен окусаңар болот. Шарттар кармалбаган учурда окулган жамаат намаз макрух болуп эсептелет.
Экинчи жамаатка азан айтпайт.
Экинчи жамаатка коомат да айтпайт.
Экинчи жамааттын имамы, биринчи жамааттын имамы турган михрабга турбастан мечиттин этек жагына, же оң тарапка, же сол тарапка туруп имамчылык кылат. Сырттан кирип келген мусулман пенде бул биринчи жамаат эмес, экинчи жамаат экенин биле тургандай болсун.
Үн чыгара турган намаздарды үн чыгарып окуй берүүсү ваажып-милдеттүү болуп саналат, жамаат намаздарда. Ал эми жеке окуган адамдар, купуя окулчууларды купуя окуй, жарыя окулчууларда ыктыярдуу болуп, каалагандай окуй берет. Жеке окуганда ар ким өзү коомат айтуусу сүннөт.
Жогорудагы жамааттан кийин жамаат менен намаз окуу чоң мечиттерге, имамы, азанчысы бар мечиттерге таандык маселе. Ал эми намазканаларга бул тиешелүү эмес. Ар бир жамаат кирип окуй берсе жараша берет.
Пайгамбарыбыз алайхис салам 570-жылы 12-рабииьул аввалда, дүйшөмбү күнү туулган.


-Намазда Аллаху акбар деп айтылабы же Аллооху акбар болобу? Рохманбы же Рахманбы? Анан намаздын акыркы рекетине илешип калсак кандай кылабыз?

-"Аллооху акбару" жана "Рохмаан" деп айткандыгыңыз бир аз жакыныраак болот деп ойлойм. Өтө туура жана так окугуңуз келсе араб тилин, тагыраагы араб тамгаларын үйрөнүүңүз кажет болот. Намаздын акырына илешип калсаңыз, имам салам бергенден кийин ордуңуздан туруп намазды келген жериңизден толуктайсыз.
Багымдат намаздын акыркы рекетине илешкен учурда, саламдан кийин туруп бир рекет окуп салам бересиз.
Шам намазынын акыркы рекетине илешкен учуруңузда, саламдан кийин туруп бир рекет зам сүрөө менен кошуп окуп, каадага олтурасыз, каададан туруп, дагы зам сүрөө менен дагы бир рекет окуйсуз да каадага олтуруп намазды бүтүрөсүз. Жыйынтыгында ар бир рекетте каадага отурган болосуз.
Бешим, Аср, Куптан намаздарында акыркы рекетке илешип калган учурларда эки түрдүү вариант сунуш кылынат. Биринчиси: Шам намаз сыяктуу окуп бүтүрүү. Б.а. имам салам бергенден кийин туруп, шам намазын жекече түрдө кандай окуган болсоңуз, ошол таризде окуп бүтүрөсүз. Экинчиси: Имам салам бергенден кийин ордуңуздан туруп, зам сүрөө менен бир рекет окуп каадага олтурасыз. Каададан туруп дагы эки рекет окуйсуз, алгачкысына зам сүрөө кошосуз, экинчисине Фаатиханы жалаң окуйсуз да акырында каадага олтуруп намаздан чыгасыз. Кудайым кабыл кылган болсун.


-Жума намазга кечигип калганда 2 рекет сүннөт намазын окуса болобу?

-Кадимкидей Бешим окуйт.


-Аялым гусулда өрүлгөн чачын жуубастан чачтын астына сууланган колун киргизип коёт. Ушул туурабы? Имам Махдий биздин акыйдада барбы? Кийиз өтүккө масх тартуу өкүмү кандай?

-Колун киргизгенде баштын баары сууланууусу кажет. Имам Махдий акыйдабызда бар. Кийиз өтүккө жарайт. Валинке деп коёбуз го...


-Каза намаздарды купуя окуса болобу? Шам, куптан, багымдат каза намаздарында коомат, такбир, Аллооху Акбар, самиалооху лиман хамидах ичинен айтылабы?

-Жалгыз окуса купуя болот.


-Чоң дааратка отурбаса, заара же жел чыкса жуубай эле кагаз менен аарчып койсо болобу?

-Болот. Мүмкүн болсо жууганы жакшыраак.


-Чубак ажы, биз сизди үй-бүлөбүз менен сыйлайбыз. Көп жашаңыз, бар болунуз. Сизди теледен көрүп аябай сүйүндүк. Багымдат намазын азан айткандан кийин окуш керекпи?

-Ооба. Кем болбоңуз.


-Гусулдун ниетин жазып койсоңуз, сураныч.

-Туруп, жуунганы жөнөгөндүн өзү ниет болоор. Тил менен айтуу шарт эмес.


-Багымдат намазынын казасын куптандан кийин окуса болобу?

-Болот.


-Оорукананын ичинде намаз окуса болобу? Эч качан оорубаңыз демекчимин.

-Болот. Мен ооруканада окуп жүрчүмүн. Кудай ооруканын жүзүн ары кылсын. Эч ким оорубасын. Иттин баласы да оорубасын. Кудайым Сизди кем кылбасын...


-Кан тийген кийим менен намаз окуса болобу?

-Алакандын отунчалык өлчөмдөн чоң болгон учурда жарабайт. Эгер башка кийими жок болсо анда бир жөн...


-Күйөөм экөөбүз намаз окуп жатканда эки жаштагы кызыбыз алдыбыздан өтүп кетет. Намазыбыз кабыл болобу? Жолдошум тамеки чегип туруп, намаз окуурда оозун эле жууп алып намаз окуй берет. Ошол жарайбы?

-Намаз кабыл боло берет. Тамеки тартуу макрух. Тартпаганга аракет кылсын...


-Мен базарда иштейм. Кээде заарамды кармай албай ич кийимим булганып калат. Алмаштырганга шарт жок. Намазда кантсем болот?

-Кечинде алмаштырасыз. Ана чейин Алыбай алына жараша.


-Мен намаз окуйм. Даарат алгандан кийин мурунку булганган марлини кайра колдонуп намаз окуса болобу же жаны олвейс коюш керекпи?

-Айыз көрсө даарат албайт. Айыз эмес учурда колдонгон болсо, булганып калган болсо кээ бир нерселер менен, намаз окуу үчүн тазасын колдонуу керек болот.


-Жамаатка толук жетпей калсак анан имам салам бергенде салам берип алсак кандай болот? Аял кишинин алдынан жел чыкса даарат сынабы?

-Эч нерсе болбойт. Дароо туруп уланта бересиз. Сөздөрдүн ток этери ушул. Аял кишинин алдынан чыккан жел – туурасы – дааратты сындырбайт (Фатху баабил инаая).


-Биздин намазканада дайыма чепкен илинип турат. Имамчылыкка чыккан адамдар кийбей коюшат же шарт эмеспи? Баш кийими да жок чыгып алышат.

-Баш кийими жок чыкканы макрух. Имамдын денеси бөлөк-салак болбой, кичине жымсалданып турганы ийги.


-Аялым менен эжеме чогуу имамдык кылсам болобу? Жаш балдар кошулуп алсачы?

-Аларга чогуу имамдык кылсаңыз болот. Жаш балдар кошулса да жарай берет.


-Чач өрүлбөй буулган болсо гусулда жууш керекпи?

-Ооба. Чач өрүлгөндө гана, аялдарга жеңилдик катары, түбүн бууп, калганына масх тартканга Шариатыбыз уруксат берет.


-Вуду даарат деген эмне?

-Кадимки даарат деген эле кеп. Вудууь дегенибиз араб тилинен оодарганда даарат- жуунуу деп маани берилет. Тагыраагы "гусул даарат эмес" деген маани.


-Тахажуд намазын канчада окуш керек жана анын башкаларга караганда сообу көп болобу?

-Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүндө окуган эн жакшы. Дегинкисинде Куптандан Багымдатка чейинки убакыттын баары Тахажжуд намаздын убагы эсептелет. Нафил ибаадаттардын-намаздардын эн эле сооптуусу деп Тахажжуд намазы эсептелет.


-Намазканада бешим намазынын парзына кечигип келип сүннөт окубаган илимдүү адамдын имамдык кылышы болбойбу? Суннада кандай?

-Жарай берет. Бирок имам болгон адам башкаларга үлгү болгудай болуусу керек. Башкалардан көбүрөөк ибаадат кылган, таквараак болгон адам болуусу кажет. Пайгамбарыбыз алайхис салам деле көбүрөөк ибаадат кылаар эле, а түгүл бизге нафил болгон тахажжуд намазы, а кишиге милдеттүү эле. Ушундан эле көп нерсени билсе болот эмеспи. Илимдүүнүн кийими, сөзү, жүрүш-турушу баары үлгү болуусу керек.


-Жамаат намазда бирөө күлүп жиберсе менин да күлкүм келип кетсе, келген жеримден эки жакка салам берип, кайра уюп окусам болобу?

-Болот, бирок күлкүңдү токтотуп калып намазыңды улантканың жакшы. Тигинин намазы да даараты да бузулду.


-Кошулгандан кийин сөзсүз гусул алыш керекпи? Мисалы, кышындачы, ар бир эле үйдө мончо жок да.

-Ар бир үй жуунгандын аракетин көрүүсү керек болот. Жок эле дегенде кытайдын чоң "тазигин" сатып алып, бир чака менен бир чөмүчтү даярдап коюу керек болот. Дааратканага барганда кагаз даярдап баргандай эле кеп. Кагазым жок эле деп эмне кылат элең...? Ошондой. Гусулу жок кантип намаз окуйт элеңиз. Деги намаз окуйсузбу?.. Намаз окуш керек...


-Маасы чечкенде (даараты болсо) бутту эле жууса болобу?

-Эгерде маасыга масх тартылгандан кийин маасыны чечсе, бутту гана жууп коёсуз. Эгерде даарат алып, даарат бузулбастан туруп, маасыга масх тартпастан туруп, бутту чечсеңиз эч нерсени жууштун кереги жок.


-Мен азыр намаз окуйм. 1 жыл мурда химиялык боёк менен чачымды боёгом. Дааратым өтө береби же боёлгон чачты кыркып салыш керекпи?

-Боёкту кетирүү керек, болбосо кыркып саласыз. Насип кылса өсүп калат. Кудайым намазыңызды кабыл кылсын.


-жамаат менен намазды окуганда өзүнчө купуя окуш керекпи же кандай?

-жамаат менен окуганда кыямда турган учурда эч нерсе окубайсыз. Болгону Алланын улуктугун моюнга алып турасыз... Окусаңыз макрух болот.


-Даарат алаардан мурда кайсы дубаны айтыш керек? Анан этек кир келип бүткөндө, окулбай калган намазды окуп коюш керекпи?

-Бисмилланы айтса жетиштүү болот. Этек кир келген убактагы намаздар окулунбайт. Кийин да окуп берилбейт. Кудайдын аял затына берген жеңилдиги.


-Намаз убагында сөздөрдөн адашып кетсе кайра ниет кылып окуш керекпи же улантып кетсе болобу?

-Улантып кете берсин...


-Даарат албай туруп эле гусул ала берсе болобу?

-Гусулдун он эки сүннөтү айтылат: 1)Башында бисмилла айтуу; 2)Ниет; 3)Эки колду эки муунга чейин жууш; 4)Денеге жугуп калган нажасатты жууп кетирүү, эгер нажасат өз бетимче турган болсо; 5)Жыныстын мүчөсүн жууш; 6) Даарат алуу кадимкидей сүрөттө, эгерде суу топтолуп кала турган жерге жууна турган болсо эки бутун жуубастан тура турат; 7) Денесинин баарын үч мертебеден жууш. Эгерде агын сууга чумкуп кирсе, ал сууда бир аз туруп кайра чыкса, сүннөттү толуктаган болот; 8)Сууну куйганда башынан баштап куюу; 9)Баштан соң оң мүрүсүнө суу куюп жууш; 10) Андан соң сол тарабындагы мүрүсүн жууп баштамак; 11) Денесин ышкалап жууш; 12)Удаама-удаа жууш.
Сиздин жообуңуз: даарат албай туруп гусул алганда, сүннөт амалды калтырган болосуз. Сүннөттүн сообунан кур жалак каласыз. Бирок алган гусулуңуз жарактуу боло берет. Эске сала кетчү бир нерсе, гусул алуудан мурун заараңызды сыртка чыгарып жибергенге аракеттенгениңиз ийги. Же жунуб болгондон кийин дароо жууна калбай, бир аз жата туруңуз. Бардык нерсе орду-ордуна келгенге чейин.


-Дуба кылган соң колуңду жүзүңө сүрткөн болбойт дейт. Намазда катарда турганда ийиндер тийишип турушу керекпи же талтайып буттар тийишип, колду төшкө алып окуш керекпи? Деги эле кол кайсы жерде болушу керек? Ушуга байланыштуу хадис да айта кетсеңиз.

-Дуба кылган соң эки колду жүзгө сүрткөн сүннөт болот. Азирети Умар: "Пайгамбарыбыз алайхис салам эки колун көтөрүп дуба кылган соң, эки колун жүзүнө сүртпөстөн туруп жерге түшүрбөс эле!" дейт. Имам Термизий риваяттайт. О.э. Имам Абу Дауд Ибн Аббастан да ушул эле маанидеги хадисти риваят кылат. Имам Ибн Хажар "Булууг ал мараам" (474 б.) китебинде жогорудагы хадистин даражасы, бир канча риваяттардын топтомдорунун негизинде, "Хасан" деп баа берет. Ал эми бардык хадис аалымдарынын пикиринде "Хасан" хадиске шариатыбызда амал кылынат. Шейх Албааний бул хадисти "Даьииф-алсыз" деп баа бергендиктен, анын жолун жолдоочулар да эки колду дубадан кийин жүзгө сүртүүнү туура эмес деп түшүнүшөт. Албетте бул алардын пикири. Ибн Хажар менен Албаанийди салыштырууга болбойт. Экөө бир заманда чогуу жашаган болсо, Албааний Ибн Хажардын эң кичине шакиртинин эң кичине шакирти болмок.
Намазда катар турганда согончоктор тең катар турган болуусу саптын түз болуусун шарттайт (Хаашия). Бут манжаларынын учтары менен сап тегизделбейт. Ошондой эле жеркелер да бири-бирине тийип туруусу зарыл (Бадааиьус санааьиь...). Адамдын эки буту бири-бирине жабышпоосу талапка ылайыктуу. Төрт манжа өлчөмүндө ачык болуусу эң жакшы. Талтайып туруу адепсиздик.
Намазда кол киндиктин астына коюлат. Имам Ахмад (1110), Имам Абу Дауд (756), Имам Дааракутний (1286), Имам Байхакийлер (231) Азирети Алийден төмөндөгү "марфууь" риваятты келтиришет: "Оң колду сол колдун үстүнө, киндиктин астына коюу сүннөттөн (болуп эсептелет)!".


-Зуха намазы канча рекет жана кайсы убакта окулат?

-"Пайгамбарыбыз алайхис салам шашке намазын төрт рекет окуп, андан да ашыкча окуур эле" (Муслим 1239). А бирок эки рекет окусаңыз да болот. Пайгамбарыбыз алайхис салам Азирети Абу Хурайрага эки рекет окууну осуят кылган (Бухари 1178) Зуха араб тилинен оодарганда шашке деп айтылат. Биринчи рекетке "Ваш шамси" сүрөөсүн, экинчи рекетке "Ад духаа" сүрөөсүн окусаңыз жакшы болот (Ширьатул ислаам шархы 132б). Убактысы күн чыккандан баштап, күн чак түштөн оогонго чейин созулат. Эң жакшы убагы күн көтөрүлүп, күндүздүн төрттөн бири өткөндөн кийин болоор. Бул намаз авваабиндердин намазы деп да айтылат. Имам Термизий риваятында (748): "Төөнүн энесинен бөлүнгөн тайлагы, күндүн ысыгынан качып калган учурдагы намаз, авваабиндердин намазы!". Авваабин дегенибиз, тооба кылып, дайыма Кудай Таалама кайрылып, таат-ибаадат аткарган, Аллах Таалама тасбиих айткан чыныгы момун пенде. Бул намаз жөнүндө Раддул мухтаар китебинде (4-том) кенен баяндалат.